Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ташиев Ысык-Көл жээгиндеги ички жолдорду бүтүрүүнү тапшырды


Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйында. 21-июнь, 2025.
Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйында. 21-июнь, 2025.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кометитинин төрагасы 21-июнда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын айланасын көрктөндүрүү жана инфраструктуралардын абалы боюнча жыйын өткөрдү.

Ага Ысык-Көл районундагы жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, эс алуучу жайлардын жетекчилери жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Жыйында Ташиев эс алуучу жайларга барган жолдордун абалы начар экенин жана тротуарлардын жоктугун белгиледи.

“Чолпон- Ата шаарында эң жогорку кызмат көрсөтүүчү алдыңкы эс алуучу жайлар жайгашкан. Алардын короосунун ичине кирсең жаркырап турат, бирок сырткы жагында жолдор талкаланган, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жок, жашылдандыруу иштери өтө начар,каралбай калган. Жылына он миңдеген адамдар келип эс алып кетишет. Канчалаган акча иштеп жатасыңар, ошонун аз эле бөлүгүн эс алуучу жайга алып баруучу жолдорду оңдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, көрктөндүрүү иштерине жумшап коюуга жараган жоксуңар”, - деди Ташиев.

Ал эс алуу жайларынын ээлерине кайрылып, алар жылына “миллиондогон сомдорду таап жатканын” белгилеп, көчөлөрдү, жолдун жээгин жашылдандырууга жардам берүүгө чакырды.

Ташиев сентябрдын аягына чейин Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайларга баруучу жолдордун баарын оңдоп-түзөөнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин толук бүтүрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникация министрлиги учурда Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы, түндүк жагынан Караколго барган жол жасалып жатканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG