АКШ сокку урган атомдук ишканалар канчалык бүлүнгөнү тууралуу азырынча так маалымат жок. Ал тапта Израил Тегерандагы буталарына чабуул койгону кабарланды. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи орус бийлиги менен абалды талкуулоо үчүн Москвага барды.
Дүйшөмбүдө жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын коргоо министри Амир Хатами буга чейин АКШга “чечкиндүү жооп кайтарылып келгенин, бул ирет да ошондой болорун” билдирген видеосун жарыялашты.
Башка жогорку аскер башчылар Ислам жумурияты “эч качан багынбасын”, Вашингтонго каршы “колдон келген чаралар көрүлөрүн” кайталашты.
22-июнда Ирандын ядролук объектилерине сокку урулгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтыкка барууга тийиш экенин, антпесе “мындан да масштабдуу” чабуулдарга кабыларын эскерткен.
Бомбасын жүктөгөн заманбап B-2 учактар Фордо, Натанз жана Исфахандагы ишканаларды бутага алган. АКШдан Иранга чейин 18 саат учкан жети учак 75 дүрмөт аткан.
Трамп ал жайлар эбегейсиз зыян тартканын айтты.
АКШ сокку урган атомдук ишканалар канчалык бүлүнгөнү тууралуу азырынча так маалымат чыга элек. Дүйшөмбүдө Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Рафаэл Гросси тоо коюнундагы Фордо станциясы өлчөөсүз зыян тартты деп болжолдонгонун билдирди.
Пентагондун башчысы Пит Хегсет авиасоккулар даректүү болгонун айтып, бул Ирандын элине же аскерлерине эмес, өзөктүк программасына каршы чабуул экенин белгиледи.
Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын “эр жүрөк чечимин” кубаттады.
Ошол эле күнү Ислам жумуриятынын аскерлери Израилге сокку урганда бир нече киши жарадар болгону, Тель-Авивде соода борбору зыян тартканы кабарланды.
Бирок буга чейин болжолдонгондой, Иран азырынча АКШнын аймактагы аскердик базаларын бутага алып же мунай ташуудагы башкы жолдордун бири - Ормуз кысыгын бөгөттөй элек.
Cаясат изилдөөчү Аарон Дэвид Миллердин пикиринде, Иран америкалык активдерге каршы жооп кайтарышы мүмкүн:
"География чоң роль ойнойт. Ирандын чакан аралыкка учуучу баллистикалык ракеталары жете алчу жерде биздин 40 миңдей аскерибиз жайгашкан. Ирандын арсеналында андай ракетадан миңдеген даана турат. Иракта 2500, Сирияда миңдей же андан азыраак жоокерибиз орун алган. Ирандын парламенти Ормуз кысыгын жабууну колдоп добуш берди, жогорку лидердин чечимин күтүп жатышат деген кабар тарады. Айтмакчы, жогорку лидер (АКШнын соккусу тууралуу) эч кандай билдирүү жасай элек. Ормуз кысыгын бөгөттөө Иран менен АКШ ортосундагы эскалациянын арткы эшиги болушу мүмкүн. Себеби, ирандыктар маанилүү жолду жабууга аракеттенсе, америкалыктар аны ачышат, ошондо Ирандын флоту менен тирешүүгө туура келет. Мен муну регионалдык согуш деп сүрөттөйт элем. Эмне дегенде ага Йемендеги хуситтер, Ирак жана Сириядагы иранчыл күчтөр тартылат. Андан тышкары Ислам жумурияты чет өлкөлөрдө израилдик жана америкалык кызыкчылыктарга каршы киберчабуулдарды, теракттарды ишке ашырышы ыктымал".
Дүйнөдөгү мунай менен газдын 20% Ормуз аркылуу ташылат.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио эгерде Иран жооп кайтарбаса, Кошмо Штаттардын соккуларды улантуу планы жоктугун жекшембиде билдирген.
23-июнда АКШ президенти Ирандын учурдагы бийлигин кулатууну кризисти чечүү жолу катары көрөрүн кыйытты.
"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу саясий жактан туура эмес, бирок Ирандын учурдагы режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди алмаштырууга эмнеге болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.
Буга чейин расмий Вашингтондун өкүлдөрү соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөсүн, Тегерандын ядролук программасына байланышкан маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.
Бирок аскердик операция америкалык мыйзам чыгаруучулар жана президенттин тарапташтары арасында, башка өлкөлөрдө түрдүү реакция жаратты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши 22-июнда чукул жыйынга чогулганда баш катчы Антониу Гутерриш Пентагондун соккуларын согушту жайылып кетүү коркунучун жараткан “кооптуу эскалация” деп баалады.
Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Фу Цун АКШнын Ирандын өзөктүк жайларын бутага алганын айыптады:
"Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) кепилдикке алган Ирандагы ядролук жайларга чабуул коюу БУУнун хартиясын жана эл аралык укукту одоно бузат, эл аралык тартиптин маанилүү пайдубалы болгон ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимге залака тийди деп эсептейбиз. Ооба, Иран зыян тартты, бирок АКШнын ишеничтүү өлкө катары жана сүйлөшүүлөрдөгү расмий тарап катары аброюна көлөкө түштү".
Бир катар өлкөлөр, арасында Жапония, Австралия Ирандын ядролук куралга ээ болуу аракетин алдын алуу максатындагы АКШнын аба соккуларын колдошту.
Жекшембиде Тегеранда Израил менен АКШнын чабуулуна каршы демонстрациялар өттү.
Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.
Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.
Тегеран өзөктүк программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн, андан баш тартпай турганын кайталап келет.
22-июнда Мамлекеттик департамент Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу чет өлкөлөрдөгү америкалык жарандарга этият болууну эскертти.
Шерине