Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) Бишкектин Маликов көчөсүндө колдонууга берилген турак үйдүн кире бериши "чөгүп кеткени" тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта бул үй колдонууга кыш мезгилинде берилгени үчүн тоң каптаган шартта жерди толук тыгыздоого мүмкүн болбогону жазылган. Бул жерлерди кайра калыбына келтирүү иштери башталганы, аны подрядчы компания жасай турганы маалым болду.
“Бул жердеги маселе имараттын конструкциялык коопсуздугуна эч кандай тиешеси жок. Видео материалда көрсөтүлгөн көйгөй - сырткы каптамалар жана плитканын жайгашуусу боюнча гана. Видеодо көрүнүп тургандай, учурда айрым жерлерде сырткы плиткалар жана брусчаткалар кыйшык жайгашкан. Бул кышында тегиздөө иштери толук аткарылбагандыгына байланыштуу болгон. Натыйжада, сырткы пайдубалдын үстүнө жабыштырылган плиткалар бир аз жылып түшүп калган”, - деп билдирди ишкананын басма сөз кызматы.
Ал эми турак үйлөр сапаттуу цемент менен туннелдик конструкция менен салынганы, бул жогорку сейсмикалык туруктуулукка ээ экени белгиленди.
Мунун алдында социалдык тармактарда Бишкектин Маликов көчөсүндө курулуп, колдонууга берилген турак жайдын кире бериш жеринин чөгүп кеткени жана коюлган плиталардын ажырап калганы тартылган видео тараган.
Ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Январь айындагы маалымат боюнча, өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.
Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген.