Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы Шанхай фестивалында “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алды

“Кара. Кызыл. Сары” тасмасы.

Режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кабарлады.

Кинофестиваль 13-22-июнь күндөрү Кытайдын Шанхай шаарында өттү. Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Тасмада килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Фильм сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрүн чагылдырат.

Шанхай эл аралык кинофестивалы - Кытайдагы эң чоң кинофестиваль. Ал биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлүп, анда 33 өлкөдөн 167 тасма көрсөтүлүп, 300 миңден ашык көрүүчү катышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаал эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын айттыНарын шаарында сел жүрдүNBC News: АКШ Ирандын ыктымал жооптук соккуларына даярдык көрүүдө АКШнын соккусунан кийин Иран Израилге абадан чабуул койгону кабарландыИран АКШнын соккусунан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды