Ташиев укук коргоо органдарында коррупция көп экенин айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда укук коргоо органдарында, соттордун арасында, прокуратура жана коопсуздук органдарында коррупция көп экенин билдирди. Бул тууралуу ал 22-июнда Жалал-Абад шаарында спорт комплексинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында айтты.

“Акыркы жылдары ушул терс көрүнүш менен күрөштүн жыйынтыгында бул да азайды. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Кайсы жерге барсаң коррупция азайганын айтып жатышат. Бирок дагы деле бар. Уюшкан кылмыштуу топтордой жок кылдык деп айта албайм. Дагы деле бар. Бирок аны да жок кылабыз”, - деди ал.

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)

Дагы караңыз

Илимдер академиясынын 20дай имараты менчиктештирилип кеткени аныкталдыКыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү макулдаштыДепутат Бишкекте каттоосу жок ата-энелер балдарын мектептерге жаздыра албай жатканын айттыТрамп Иранда бийликти кулатуу аркылуу кризисти чечүү жолун кыйыттыОшто үйү буздурулган адамдарга кытайлык компания турак жай салып берет Актан Арым Кубаттын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы Шанхай фестивалында “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алдыСирияда чиркөөдөгү жардыруудан 20дай киши мерт болду