Кыргызстандан көмүрдү ташып чыгууга тыюу дагы алты айга узартылды

Кара-Кече көмүр кени. Нарын.

Министрлер кабинети көмүрдү автоунаа менен Кыргызстандын аймагынан сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну узартуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу Минкабдын сайты кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Кытай менен чектеш “Эркечтам” жана “Торугарт” бекеттери аркылуу гана кара отунду алып чыкса болот. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Өлкөдө жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүрдүн баасы кымбаттап кетип, ага убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Айрым жылдары сыртка ташып чыгууга чектөө коюлат.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык чектөө киргизген.Тыюу улам-улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте карызы бар 6 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөтЮруслан Тойчубеков тергөө абагынан чыкканы белгилүү болдуТашиев укук коргоо органдарында коррупция көп экенин айттыИлимдер академиясынын 20дай имараты менчиктештирилип кеткени аныкталдыКыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү макулдашты