Нарын шаарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптады

Нарын шаарында селдин кесепетин жоюу иштери.

Нарын шаарында 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, сел 45 үйдүн короо-жайын каптап, эки турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан камсыздандырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып, турак жайлардын ичиндеги сууну сыртка сордурушкан.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер тартылды. (BTo)

Дагы караңыз

"Эркин Европа/Азаттык" менен кызматташкан журналист абактан чыкты Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаал эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын айттыКыргызстандан көмүрдү ташып чыгууга тыюу дагы алты айга узартылдыБишкекте карызы бар 6 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөтЮруслан Тойчубеков тергөө абагынан чыкканы белгилүү болдуТашиев укук коргоо органдарында коррупция көп экенин айттыИлимдер академиясынын 20дай имараты менчиктештирилип кеткени аныкталдыКыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү макулдашты