Израил Ирандын өзөктүк программасын, анын ракета аткычтарын жок кылуу деген жүйө менен баштаган чабуулуна жана Иран ага жооп кайтарып жатканына бир апта болду. Бирок Израилдин чыныгы максаты Ирандын өзөктүк жайларын жок кылуу эмес, анын башкаруу режимин алмаштыруу деген пикирлер көп айтыла баштады.
Израил менен Ирандын абадан чабуулдары 21-июнда да уланды. Женевада европалык тышкы иштер министрлери Ирандын башкы дипломаты менен жолугуп, өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөштү. АКШ президенти Дональд Трамп Иран боюнча чечимин эки апта ичинде кабыл аларын кайталады.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжал Орусиянын Украинага каршы согушуна кандай таасир этиши мүмкүн? Москва Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуудан кандай пайда табат?
16-июндун кечинде Израил Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратына абадан сокку урду. Бул тууралуу эл аралык медиа кабарлады. Иран менен Израил бири-бирин аткылоону токтоткон жок. Эки тарапта тең жай тургундар арасында өлгөндөр, жарадар болгондор бар.
АКШда Орусиянын таасирлүү ишкери Олег Дерипаскага байланыштуу чуулгандуу кылмыш ишинин алкагында мурдагы ФБР кызматкери жана орусиялык дипломат сот алдында жооп бергени турат. Айыпталуучулар Дерипаскага ага каршы киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө көмөк көрсөткөн деп шектелүүдө.
Израил Ирандын өзөктүк жайларына сокку урганын жарыялады. “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы жана кеминде алты окумуштуусу каза болгону кабарланды. Ондогон киши жаракат алды. Ирандын жетекчилиги Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти.
Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын 13-июнда жарыялаган. Ошол эле күнү Израилдин өзүнүн аймагы Ирандын соккусуна кабылган болчу. Бири-бирине каршы чабуулдар 14-июнга караган түнү да уланды.
Шаршембиге караган түнү Харьков шаары кайрадан аткыланып, кеминде үч киши каза тапты. Ал арада тараптар согуш туткундарын алмашууну улантты. Шаршембиде Орусия 1212 украин аскердин сөөгүн кайтарганы маалымдалды.
Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев бир кездери батышчыл “либерал” деп сыпатталса, азыр Кремлдин эң радикалдуу добушуна айланды. Мындай өзгөрүү ага саясий упай гана алып келбестен, финансылык абалын да жакшыртууда.
"Артек" лагери "социалисттик коомдун жарандарын тарбиялоо" максатында негизделген. 100 жылдыгын белгилеп жаткан лагердин тарыхы Орусиянын аннексиясынан кийин украин балдарын мажбурлоо тууралуу айыптар менен да коштолууда.
Дагы жүктөңүз