Оштогу “Келечек” базарында соода кылгандар шаарда жаңы салынган базарга көчүүгө каршы болууда. Миңден ашык соодагер иштеген базарда көбүн эсе кийим-кече сатылат. Шаар бийлиги өткөн жылдагы селден кийин борбордук базарды көчүрүүнү чечип, жаңысын кура баштаган.
Кыргызстан

Бишкекте соңку эки жылдын ичинде эле турак жайдын баасы 30 пайызга өстү. Курулуш министрлиги борбор калаадагы үйлөрдүн кымбатташын жер тилкелеринин азайышы жана курулуш материалдардын баасынын жогорулашы менен байланыштырууда.
Жогорку Кеңеште кыймылсыз мүлктүн баасынын айынан Бишкек эң кымбат шаарлардын катарына киргени да айтылды.
"Батирдин 1 чарчы метри 1500-2000 долларга чыкты"
Жумаида Жаныбек кызы Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттиктеринин биринин кызматкери. Анын айтымында, борбор калаада турак жай 2023-жылдан тартып кескин кымбаттап, азыр жогорку чекке жетип турат.
Мисалы, жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү 40-45 чарчы метрлик бир бөлмөлүү даяр батирдин баасы 60-70 миң доллардан башталат. Бишкектин жогору жагында батирдин бир чарчы метри 1500-2000 доллардан сатылып жатат.
Баарынан кызыгы, мындай кымбатчылыкка карабай суроо-талап дагы эле жогору. Үйүн сатып жаткандарга караганда алармандар көп.
“Мисалы, 2023-жылы ремонт жасалбаган эконом класстагы батирдин бир чарчы метри 1000 долларга чейин сатылып жаткан. Былтыр 1200гө чукулдаса, азыр 1300 болуп жатат. Даяр үйдүн баасы болсо такыр башка. Соңку 1-2 жылда эле эски үйлөрдөгү бир бөлмөлүү батирдин баасына 10 миң доллар кошулду. Бирок суроо-талап азайып калган жок. Бишкек да болуп көрбөгөндөй кеңейди. Мындан тышкары жер үйдүн баасы да өстү. Үйдү өзүм салам дегендер көп болгондуктан жер тилке кымбаттап кетти", - деди кыймылсыз мүлк боюнча эксперт Жумаида Жаныбек кызы.
Турак жайга болгон суроо-талаптын айынан Бишкектеги курулуштун саны аябай өстү. Мисалы Аалы Токомбаев көчөсүнүн жогору жагында өзүнчө кичи райондор пайда болуп, Бишкектеги жакшы райондордун бирине айланып бара жатат. Жада калса көп кабаттуу үйлөр Ак-Өргө, Арча-Бешик сыяктуу жаңы конуштарга да салына баштады. Шаардын чет жакасындагы жер тамдардын арасынан жалгыз көп кабаттуу үйлөр да кездешет.
Бишкекте үйлөрдүн кымбатташы Жогорку Кеңештин депутаттарын да кызыктырып жатат. Эл өкүлү Элдар Абакиров борбор калаадагы үйлөрдүн баасын Казакстандын Алматы шаары менен салыштырды. Ал курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугуловго мындай деп суроо узатты:
"Бакай Болотович, Бишкекте эмне үчүн үйлөрдүн баасы кымбат? Кечээ карасам Алматыда бир чарчы метрдин орточо баасы 1100 доллар экен. Бишкекте болсо 1400-1500 долларга чукулдап калыптыр да. Ушунун себептери эмнеден болуп жатат? Буга курулуштун нормалары жана эрежелери (СНиП) таасир этип жатабы же жердин баасыбы?".
Министрдин орун басары мекемеде үйлөрдүн баасы боюнча анализ жүргүзүлгөнүн айтып, кымбаттоону курулуш материалдарынын баасы менен жердин азайышына байлап жатат.
"Азыркы бааларды мониторинг кылып чыктык. Цементтин эле баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 10 сомдон 50 сомго чейин кымбаттаптыр. Ал эми мурда 1000 кирпич 10-11 миң сом болуп жаткан, азыр 15 миң сомго көтөрүлдү. Андан тышкары арматура 3-7 миң сомго кымбаттады. Азыркы күндө жаңы үй курганга жер азайды. 3-4 жыл мурун Бишкектин түштүк тарабында жердин бир сотыхы 10-15 миң доллар болсо, азыр 35-40 миңден сатып жатышат", - деп жооп берди депутатка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов.
Депутаттар үйлөрдү сууга, канализацияга туташтыруу жана документтерди бүтүрүү да кымбаттап, анын акчасы үйдүн баасына кошулуп жатканына да басым жасашты. Бул көрүнүш мамлекетке акча алып келип жатканы менен жарандардын капчыгына таасир этип жатат дешет.
Курулуш материалдары сатылган базардагы баа кандай?
Жай мезгилинде Бишкектеги "Баткен" базарында соода кызыйт. Мындагы кардарлардын кимисинен сураба, курулуш материалдары кымбаттап жатканына нааразы. Ошол эле учурда курулушту токтотуп кое алышпайт.
Кызына үй салып жатканын айткан Нурбек Бакиров "Баткендеги" баа боюнча буларды айтты:
"Биз азыр үйдүн чатырын жаап жатабыз. Орусиядан келген материалдар кымбат, Кытайдан келгени арзан экен. Сапатында да айырма бар. Чатырдын темирине эле 150-200 миң сомдой кетип калды окшойт. Жыгачын деле ушундай суммага алдым. Мындан тышкары устанын акысы бар. Алар деле материалга канча сом кетсе, акысына ошончо алышат экен. Кымбатчылык болсо деле үйдү бүтүрүш керек да. Бүт эле нерсе кымбаттап жатпайбы".
Базардагы сатуучулардын айтымында, баанын кескин өсүүсү 2022-2023-жылдары башталган. Ошондон тартып кээ бир товарлардын баасы эле түшпөсө көпчүлүк материал кымбаттагандын эле үстүндө. Үйдүн ички жасалгасына курулуш материалдарын саткан Эмил Зулпухаров мындай дейт:
“Бир-эки жылга салыштырмалуу баа өстү. Арасында арзандаганы да бар. Бирок жалпы кымбаттады десек туура болот. Быйыл Казакстандан келген товарларга баа кошулуп жатат. Мурда келип жүргөн кардарлар "кымбат сатып жатасың" деп нааразы болушат. Биз аларга базар кыдырып келүүсүн айтып жатабыз. Бирок кардарлар көп, соода жакшы эле. Курулуш токтоп калбайт экен да".
Кыргыз бийлиги турак жай базарындагы суроо-талапты канааттандыруу жана жеткиликтүү кылууну мамлекеттик ипотекалык программа чечерин билдирип келет. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта Бишкекте 17 миңдей батир курулуп, четинен берилип жатат. 2030-жылга чейин 30 миңге жеткирүүнү пландап жатат.
Бирок Бишкектеги турак жайдын баасы менен чогуу батирлердин ижара акысы да кымбаттап кеткени байкалат. Өзгөчө 2022-жылы Украинада согуш башталып, Бишкекке качып келген Орусия жарандары көп болгон. Ошондон тартып баа түшө элек. Мисалы, 2022-жылга чейин бир бөлмөлүү батирдин ижарасы 15 миң сомдон башталса, азыр 30-35 миң сомго чыкты.