Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
Temirov LIVE каналынын журналисттеринин Бишкектеги кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын кеңсесине 22-январда саат 19:15терде киргенин айтты. Бул окуя боюнча тартип коргоо органдарынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардан жооп алып берүүгө аракеттенет.
Чыгарылыштар
-
Июнь 21, 2025
Ош: "Келечек" базарын көчүрүүгө соодагерлер каршы
-
Июнь 20, 2025
Бишкекте батир баасы 30% өстү. Кымбаттоо себеби эмнеде?
-
Июнь 20, 2025
Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартты
-
Июнь 19, 2025
“1-класстагы жээнимди зордукташкан”
-
Июнь 19, 2025
Киев: Чабуул, кайгы жана аза
-
Июнь 18, 2025
АКШ Иран-Израил чатагына аралашууну караштырууда