Нарын шаарында 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптаган.
Алдын ала маалыматка ылайык, сел 45 үйдүн короо-жайын каптап, эки турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан камсыздандырылган.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып, турак жайлардын ичиндеги сууну сыртка сордурушкан.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер тартылды. (BTo)
Шерине