Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

ЖМК мыйзамынын долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрү президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан жумушчу топтун бир катар мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, документке Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде экинчи жана үчүнчү окууда киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

Кайрылууда 2024-жылы президент журналисттер менен жолуккандан кийин түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун алтынчы варианты жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө сала турган, адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине да жооп берген компромисстүү долбоор болгону белгиленген. Бирок парламенттин айрым депутаттарынын демилгеси менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөр буга чейин жасалган ишти жокко чыгарганы айтылат.

“Министрлер кабинетине жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун, кайра каттоонун жана ишин токтотуунун тартибин аныктоо боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарды берген түзөтүү өзгөчө тынчсыздандырат. Бул жобо ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин жаратат. Бул иш мыйзам менен, парламенттин жана сот органдарынын катышуусу менен жөнгө салынууга тийиш”, - деп жазылган кайрылууда.

2024-жылы март айынын башында Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

2022-жылдан бери талаш-талкууна жаратып келаткан долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш топ түзүлгөн.

Ал иштеп чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейин ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, жумушчу топ иштеп чыккан вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталган.

Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыккан. Бул вариант Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өткөн.

Бирок 16-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда бир топ өзгөртүүлөр менен кабыл алынды.

Анда өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.

Мындай өзгөртүүлөрдү депутаттар Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу сунуштаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG