Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

ЕАЭБдин ашы менен ташы. Кыргызстан эмнеге нааразы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Соода-өнөр-жай палатасынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин айткандары ЕАЭБге кирүү Кыргызстанга эмне берди деген талкууларды кайра козгоду.

Байсалов уюмга кошулуу “улуттук кызыкчылыктарды коргоого жетиштүү кепилдиктер жок эле чукул чечим болгонун” жазган. ЕАЭБдин Кыргызстан үчүн мааниси кандай? Башында айтылгандай жеңилдик, артыкчылыктар болдубу?

Эдил Байсалов Х платформасындагы баракчасына кыргыз элинин Орусиянын алдындагы "өзгөчө макамы" Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин убагында “майкөл-сүткөл” убадасы менен Евразия экономикалык биримдигине кошулганынан улам пайда болгонун" жазды.

Ал уюмга кошулуу “улуттук кызыкчылыктарды коргоого жетиштүү кепилдиктер жок эле шашылыш чечим болгонун” белгилеген.

"Чындыгында, ошол мигранттарга “өзгөчө макам” берген теңата эмгек рыногу да, товарлар рыногу да жеткиликтүү эмес. Бүгүн биз “союздаш” Казакстанды айланып, Астрахан аркылуу товар ташууну пландаганга чейин жеттик. Ошондой эле көптөгөн түз чектөөлөр жана милдеттенмелер бар. Таңкалычтуусу – биз бул союздагы эң жакыр өлкө болсок да, алдыңкы мамлекеттер менен бирдей деңгээлде милдеттенмелерди, мисалы, дары-дармек жүгүртүүсү боюнча талаптарды тез арада өз мойнубузга алганбыз”, - деп жазды Байсалов.

Эдил Байсаловдун ЕАЭБ тууралуу посту
Эдил Байсаловдун ЕАЭБ тууралуу посту

Анын мындай сын-пикир айтышына экс-премьер-министр, учурда Кыргызстандын Соода-өнөржай палатасын жетектеп жаткан Темир Сариевдин 19-июнда Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда кыргыз жарандарынын Орусияда "өзгөчө макам" менен жүрүшү тууралуу айткан талабы түрткү болду.

“Мен буга чейин да бир нече жол айтып келгем. Кыргызстан жана кыргыз эли Орусия Федерациясында “өзгөчө макамга” ээ болушун каалайбыз. Анткени, эң оор мезгилдерде биз сиздер менен болуп келдик. Ата Мекендик согушту карасак, панфиловчулар Москваны коргошкон. Иван Панфилов борбор азиялык дивизияны түзгөн. Ал тагдыр чечүүчү учур болгон. Ошондон кийин согуш кайра Батыш тарапка жылган. Экинчиден, атайын аскердик операция (ред: Орусия Украинага каршы согушун ушундай атайт) башталганда, биринчи болуп кол сунуп, коркпостон колдоо көрсөткөн Кыргызстан болду. Бул Орусияны биздин өлкөнү бизнес жана саясатта эң ишенимдүү өнөктөш катары көрүүгө түрттү. Ишеним – өтө сейрек кездешчү нерсе. Биз силер менен биргебиз”.

Сариевдин сөзү Орусияда Кремлдин же өкмөттүн деңгээлинде талкууга алынган жок. Арийне, Мамлекеттик Думанын КМШ, Евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников Лента.ру басылмасына курган маегинде “Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согушка катышканы үчүн эле Орусияда “өзгөчө макамга” үмүт кылбашы керектигин” билдирди.

Ал эми дагы бир орус депутаты Константин Затулин Кыргызстандын ЕАЭБдин курамында турушунун өзү эле “өзгөчө макамга” тете экенин айтты. Мында ал визасыз режимди, Орусияда жүрүү мөөнөтүн жана ишке орношуудагы артыкчылыктарды эске салды. Украина менен согушууда “Кыргызстандын колдоосу” тууралуу айтылгандарга жооп кылып жатып “биз Кыргызстан менен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, айрым экономикалык маселелерди чечип жатабыз” деди.

ЕАЭБге айтылган сын-пикирдин “даражасы” өсүп барат

ЕАЭБдеги жана ага кирген Орусиядагы кыргыз ишкерлери менен мигранттарына жасалган жалпы эрежеге жат мамиле боюнча сын пикирлер көп эле айтылып келет. Буга чейин нааразылыкты көбүнчө ишкерлер айтып келсе, соңку кездери даражалуу адамдардан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Соода-өнөржай палатасынын жетекчиси Темир Сариев дагы үн ката баштады. Былтыр августта Орусияда мигранттарды чектеген мыйзам кабыл алынганда Эдил Байсалов “ЕАЭБге мүчө болуунун мааниси” тууралуу сөз кылган.

Темир Сариев да буга чейин, март айында Евразия экономикалык биримдигинин дарегине сын-пикирин жарыя айткан. Москвада өткөн эки өлкөнүн расмийлери, ишкерлер катышкан бизнес-форумда Сариев ЕАЭБдин мүчөлөрүнө убада кылынган айрым артыкчылыктар аткарылбай жатканын, мындай кырдаалга өзү да күбө болгонун билдирген.

"Мына мен эртең менен учуп келдим. Биз көзөмөл-өткөрмө жайында 40 мүнөттөй күтүп калдык. Бул тартиптин жоктугу. Дагы бир жолу айтам, тартиптин жоктугу. Ал жакта Орусия эли үчүн башка, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр үчүн жана үчүнчү мамлекеттер үчүн деп бөлүп өткөрсө болмок. Уюмга ким кирбесе, кезекте күтүп турушсун. Себеби, биздин жарандар күн сайын чек арадан өтүп келишет. Соңку эсептер боюнча, Орусияда 425 миң кыргызстандык жашайт. Сезон учурунда 300 миңге жакын адам келет. Элестетсеңер, биз аларга кандай шарт түзүп берип жатабыз. Орусия биздин орус тилин билген, билимдүү жарандарыбызга муктаж. Эң башкысы, аларда Орусияга болгон сүйүү бар. Алар бул жакка келип иштеп, өздөрүнө каражат таап, Орусиянын экономикасына салым кошуп жатышат. Биз чек арада ушундай көйгөй жаратып жатабыз".

“Жемин жедирбеш үчүн министрлер тың болушу керек”

Беларус, Казакстан жана Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин – жарандар биримдик ичиндеги каалаган өлкөдө ээн-эркин жүрүп, товар жүгүртүү, тейлөө кызматтары жана капитал беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз айланарын жарыялаган.

Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине саясий жана экономикалык зарылдыктан улам киргенин айтат. Эксперт эгерде Кыргызстан уюмга кирбесе Орусиядан импорттолгон күйүүчү май, ун азыктары, курулуш материалдары кымбатка туруп, инфляция көйгөйү курч болмок деген пикири менен бөлүштү. Ошол эле маалда, биримдик ичинде өлкөнүн кызыкчылыктарын алдыга жылдырууда тийиштүү мамлекеттик органдардын кесипкөйлүгү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт.

“Эгерде биз ЕАЭБге кирбесек, мындай маселелерди өкмөт жана өкмөт аралык комиссиялар чечмек. Азыр ушул суроолор өкмөттөн көз каранды эмес, ЕЭКтен (Евразия Экономикалык Комиссия) көз каранды болуп калбадыбы. Кыргызстандан Экономика министрлиги бардык мамлекеттик органдардан маалыматты чогултуп, өзүнүн позициясын ЕЭКте жактайт жана ЕЭК менен сүйлөшүү жүгүзөт. Андан тышкары Кыргызстандан эки министр ЕЭКтин коллегиясына мүчө катары кирген. Ушул үч субъект жакшы иштесе, анда биздин Кыргызстандын кызыкчылыктары эске алынат. Эгер жакшы иштебесе, ушундай тоскоолдуктар боло берет. Бул он жылдын ичинде даана көрүнүп калды. Мындай механизм бизге жакшы натыйжасын берген жок”.

“Орусиядан көз карандылыктан кутулуп, экономиканы диверсификациялоо зарыл”

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы теңсиз мамиле тууралуу сөз кылганда Эдил Байсалов менен Тамир Сариевдин сөздөрү айрым жагдайды дагы да баса белгилейт.

Байсалов айткандай, бюрократиялык татаалдыктардан улам кыргыз-казак чек арасында ЕАЭБдин аймагына кирип бараткан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги бат-баттан болуп турат. Кыргыз бийлиги менен ишкер коомчулугу мындай жагдайды жасалма жана саясий өңү бар тоскоолдуктар деп атап келет.

Мындан улам, кыргыз өкмөтү соңку жылдары Казакстанды айланып өтө турган транспорттук коридор издеп, аны Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Орусияга чыга турган каттамдан табууга жан үрөп жатат.

Ал эми Сариевдин Орусиянын Украинага кол салышында Кыргызстан “биринчи болуп кол сунуп, коркпостон колдоо көрсөткөнүн” айтканы да талкуу жаратты. Бул жаңжалда Бишкек расмий түрдө Кремлди колдоого алып, бир тараптуу позицияны карманган эмес. Формалдуу түрдө башынан тарта эле бейтарап позицияда экенин билдирген. Арийне, кабат-кабат санкцияга кабылып, эл аралык коомчулуктан обочолонуп калган Орусиянын экономикасына көмөк көрсөткөнү айтылып келет. Маселен, орус ишкерлери Кыргызстанды жарыш импортто пайдаланып жатышканын жашырбай эле айтып жүрүшөт. 2022-жылдан бери миллиондогон долларлык санкциялык товарлар Кыргызстан аркылуу өтүүдө. Тыюу салынган товарларды жашыруун айла-амалдар менен Орусияга өткөрүп иштеген жыйырмадан ашуун кыргызстандык компания эл аралык санкцияга илинип калган.

Экономикалык талдоочу Марат Мүсүралиев Кыргызстан Орусиядан жана анын жетегиндеги ЕАЭБ сыяктуу уюмдардан мүмкүн болушунча алыс болуп, көп кырдуу жана эгемен экономикалык саясат жүргүзүүгө жан үрөш керектигин айтат.

“Биз элден чыккан мамлекет менен өтө чукул боло баштадык. Биз, тескерисинче, андан алысыраак болушубуз керек. Эгерде биз аны менен чукул болсок, кыйыр санкцияга туш болобуз. Ошон үчүн мүмкүн болсо Орусиядан бардык позицияда алысыраак турушубуз керек. Эмгек мигранттарын диверсификация кылып, Өзбекстанга окшоп башка мамлекеттерге жиберишибиз керек. Мисалы, Өзбекстанды байкасаңыз, алар Евробиримдик, Германия, Британия, Түштүк Корея, Эмираттар менен келишимдерди түзүп, бир топ эмгек мигранттарын ошол мамлекеттерге жибере баштады. Ошону менен Орусияда концентрация төмөндөй баштады. Күйүүчү майларды башка мамлекеттерден сатып алып же өзүбүздө өндүрүш керек. Бизде деле Кара-Балтада, Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдор бар да. Алардын өндүргөн продукциясынын 90% Ооганстанга жиберет”.

Орусияда соңку кездери миграциялык талаптар күчөп, кыргыз жарандарына да тоскоолдуктар жаралганы коомчулукта, Жогорку Кеңеште да утур-утур көтөрүлүп келет. Мындан тышкары ЕАЭБге мүчө Казакстан менен Орусияга жүк ташууда маал-маалы менен кезек күтүүлөр, катаал текшерүүлөр катталып турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG