Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарланууда


Максат Нусувалиев.
Максат Нусувалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24-июнда Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиевди кармап кеткени кабарланууда.

23-июнда Инстаграмдагы tokmok_life баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй, курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.

24-июнда социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тарады. Алардын бири Максат Нусувалиевге түспөлдөш экенин көрүүгө болот. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнда мэрияда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын өткөнүн, Максат Нусувалиев жана дагы эки адам жыйын учурунда кармалганын жазышууда.

Бул окуя тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек. Максат Нусувалиевдин өзү жана жакындары менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген. (BTo)



Шерине

XS
SM
MD
LG