Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Түз ободо Жакынкы Чыгыштагы жаңжал: Иран АКШнын Катардагы базасын бутага алды

Иран АКШнын Катардагы аскердик базасын бутага алып, бул чабуулду "Американын агрессиясына" жооп деп мүнөздөдү. 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объекттерине сокку урган. Президент Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” айткан.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, Ирандын аймагына сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келет. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду. Ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


16:24

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандын үч өзөктүк объектисине жасаган аба чабуулун "катуу айыптады". Бул тууралуу мекеме 22-июнь күнү кечинде жарыялаган расмий билдирүүсүндө айтылат.

"Чыр-чатактын күчөшү узак мөөнөттүү согушка алып келиши мүмкүн. Анын чөлкөм жана дүйнө үчүн кооптуу кесепеттери болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмун, Эл аралык атомдук энергия агенттигин (МАГАТЭ) жана башка эл аралык уюмдарды тез арада чара көрүүгө чакырып, "экологиялык кырсыктарды алдын алуу, эл аралык укуктун бузулушуна жол бербөө жана чөлкөмдө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо" зарылдыгын белгиледи.

Коңшу өлкө Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, бардык тынчтык аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.

15:55

22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Азадлыг" радиосу жазды.

Тараптардын сүйлөшүүсү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасагандан бир күндөн кийин болду.

15:42

23-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.

"Азыркы кооптуу кырдаалда Орусия менен кеңешкенибиз чоң мааниге ээ", — деди Аракчи Ирандын мамлекеттик телеканалына курган маегинде.

Министрдин айтымында, Тегеран менен Москва "өз ара позицияларын координациялоого аракет кылууда" , анткени тараптар "орток кооптонууларга жана душмандарга ээ".

11:18

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын учурдагы бийлигин кулашын кубаттай турганын билдирди.

Бул тууралуу Трамп Иранга соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөйт деп айткан америкалык бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн соң билдирди.

"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу политкорректүү эмес, бирок учурдагы Иран режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди эмнеге алмаштырууга болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.

Анын алдында АКШ президентинин командасынын башкы мүчөлөрү вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет 21-июндагы Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк обьекттерге соккусу Тегерандагы учурдагы исламий бийликти кулатуу үчүн эмес, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG