Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Түркмөнстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу АКШ менен сүйлөштү


Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имарат.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жайгашкан имарат.

22-июнда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу "Азадлыг" радиосу жазды.

Тараптардын сүйлөшүүсү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасагандан бир күндөн кийин болду.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, АКШнын демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана бул багыттагы гуманитардык мүнөздөгү айрым маселелер талкууланды.

Мекеменин билдирүүсүндө сүйлөшүү "достук жана конструктивдүү маанайда өткөнү" белгиленет.

Тышкы иштер министрлиги мындан башка маалымат берген жок.

Израилдин Иранга каршы 13-июнда баштаган аба соккуларынан кийин Түркмөнстан коңшусу Иран менен чектеш аймактарда коопсуздукту күчөткөн. "Азаттыктын" түркмөн кызматына ишенимдүү булактар билдиргендей, түркмөн бийлиги аскердик даярдыкты жогорулатып, гуманитардык жардам көрсөтүү ишин аткара баштаган.

Түркмөнстандын Иран менен чек арасы 1100 чакырым.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги 14-июнда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, күч колдонууга жана согуштук риторикага каршы экенин билдирген.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 16-июнда жарыялаган расмий билдирүүсүндө, Түркмөнстандын чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG