Америкалык талдоочулар андай пикирди четке кагууда. Израилдин келишкис каршылашы Ирандын өзөктүк бомбага жетишүүсүнө бир кадам калды деген кооптонуусу канчалык негиздүү болгон?
Израилдин 13-июнда башталган операциясын утурлай бул өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Дани Данон Ирандын бир нече өзөктүк жардыргыч жасоого зарыл материалга жетишүүсүнө "бир нече күн гана калганын" айтып чыккан. Мурда израилдик тарап Иранга мындайга жетишүү үчүн "айлар" же "апталар" талап кылынарын айтып келиген.
Ал эми БУУнун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) расмий билдирүүсү "отко май чачкандай" болду. Ал билдирүүдө Иран анын өзөктүк жайларынан үлгү катары алынган материалдын курамында курал болуучу деңгээлге чейин байытылган урандын калдыктары кандайча пайда болуп калганын агенттиктин өкүлдөрүнө жөндөп түшүндүрүп бере албаганы, башка да суроолорго жооп бербегени айтылган.
19-июнда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гроссини мына ошол маалымат камтылган документтин ачык жарыяланышы үчүн "жарыялабоо тартибине карата чыккынчылык" деп айыптады. Ал эми Гросси CNN телеканалына курган маегинде МАГАТЭде "Ирандын өзөктүк курал жасоо боюнча системалуу аракети тууралуу эч кандай далили болбогонун" айтты.
Рафаэл Гросси
Израилдин чалгын кызматынан айырмаланып АКШнын чалгын мекемеси Иранга өзөктүк жардыргычка жетишүүсүнө дагы бир нече жылдык жолду басып өтүүсү керек экенин, ал эми анын өзөктүк курал жасоо программасы чынында эле токтотулуп турганын айтууда. Бул тууралуу быйыл март айында Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын мекемесине жаңы директор болуп барган Тулси Габбард билдирген. Бирок 17-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Габбарддын эмне дегени ага "баары бир" экенин айтты. Ал эми 8-июнда өткөн АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Иран жана Израил маселесине арналган отурумуна аны чакырышкан эмес.
Көз каранды эмес эксперттердин Израилдин Ирандын өзөктүк жайларын аткылоосу, окумуштууларын жок кылган чабуулу бул өлкөнүн өзөктүк программасын канчалык артка таштаганы тууралуу пикири израилдиктердин көз карашына караганда кыйла карманган маанайда. Алардын көпчүлүгү Кошмо Штаттардын жардамы жана “бункердик” авиабомбалары болбосо Израил Ирандын жер астындагы айрым объектилерине, анын ичинде уран байытуучу Фордо заводуна чечүүчү сокку ура алчудай кудурети жок деп эсептешет.
Трамп өзү Израилдин Иранга каршы операциясына кошулабы же жокпу, чечимин эки апта ичинде кабыл аларын 19-июнда билдирди. Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин ордуна “капитуляцияга” макул болуу талабын койсо да ал маселени тынч чечүү жолун караштырууга, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.
Ирандын атомдук бомбасы тууралуу кооптонуу канчалык негиздүү? Израил ага канчалык бөгөт коюуга жетише алды? Москва Тегеранга өзөктүк программасын ишке ашырууга көмөктөшө алабы? Иран ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимден чыкса мунун кесепети кандай болот? “Свобода” радиосу мына ушул тууралуу БУУнун Куралсыздандыруу маселелерин изилдөө институтунун илимий кызматкери, "Орусиянын өзөктүк куралдануусу" долбоорунун жетекчиси Павел Подвиг менен маектешти.
"МАГАТЭнин билдирүүсү Иранда кандайдыр бир аскердик программа бар дегендик эмес".
– Ирандын өзөктүк куралга жетишүүсүнө “бир кадам” калганы чынбы?
– Менимче, Иран ядролук курал жасоого даярданып жатканы тууралуу билдирүү жасоого, айрыкча “бир кадам калды” деп айтууга негиз жок болчу. Израилдин Иран андай куралын кайсы бир террорчуларга өткөрүп берүүгө даярданып жатат (Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху мында Иран колдогон йемендик хусилерди айткан – ред.) деп айтканынын өзү да ашыкча болгон.
Иранда өзөктүк курал жасоо программасы болгонун баарыбыз билебиз. Бирок биз ал программа 2003-жылы токтотулганын да билебиз, муну америкалык чалгын мекемеси айтып чыккан. Акыркы жолу аталган мекеме бул маалыматын быйыл март айында да тастыктаган.
Иран. Фордо заводу. 2025-жылдын 12-февралында тартылган сүрөт.
– Израилдин азыркы чабуулдары башталар алдында МАГАТЭ резолюция кабыл алып, Иран өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимдеги кепилдиктер боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтып чыккан.
– Формалдуу түрдө ошондой. Бирок резолюцияда негизинен сөз программанын курал бөлүгүнө тиешеси жок эпизоддор тууралуу болууда. Мисалы, алардын бири Ирандын табигый урандын кайсы бир бөлүгүнө байланыштуу 2000-жылдардын башында билдирген маалыматы тууралуу.
Анда Иран кампасында 10 кг табигый уран бар деп билдирген, ал эми МАГАТЭ андан көбүрөөк көлөм бар деген тыянакка келген. Бирок ал табигый уран (байытылган эмес). Мына ушул сыяктуу башка да дооматтар болгон.
МАГАТЭнин билдирүүсү Иранда өзөктүк материалдар колдонулуучу кандайдыр бир аскердик программа аныкталды дегендик эмес.
– 60% чейин байытылган урандын Иранга курал жасоодон тышкары дагы эмнеге керек болушу мүмкүн? Андай уран бар экенин буга чейин агенттик ырастаган эле. Иран кандай шартта МАГАТЭнин суроолоруна жооп бербей коё алат?
– Ооба, биз Атом энергиясы боюнча ошол эле эл аралык агенттиктин маалыматынан Иран 60% чейин байытылган уран-235тен 200 килограммга чейин топтоп алууга жетишкенин билебиз. Бирок жада калса бул маалымат да кайсы бир келечекте аны өзөктүк курал жасоо үчүн колдонушат эле деген теориялык гана ыктымалдыкты берип жатпайбы. 60% чейинки байытуу изилдөөчү реакторго керек деп негиздеме катары теориялык жактан айтсак болот. Бирок иш жүзүнө келгенде, албетте, бул Ирандын кааласа курал болуучу материал өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги тууралуу белги бергени.
Ал эми МАГАТЭнин суроолоруна жооп бербөөнүн себеби 20 жыл мурдагы окуянын ийне-жибине чейин билүү мүмкүн эмес деген сыяктуу ар кандай болушу мүмкүн.
Ошондой эле, менимче, Иран 2003-жылы өзүнүн ядролук курал программасы токтотулду деп расмий түрдө жарыяланганга чейинки бардык эле деталдарын ачыктагысы келе бербейт.
МАГАТЭнин эрежелеринин катаалдыгы да таасир берди окшойт. Ушундай эле жагдай мурда Түштүк Африка Республикасына (ТАР) байланыштуу түзүлгөн. Анда аталган өлкө толук жана ар тараптуу кызматташып жаткандыктан кошумча өлчөө иштерин жүргүзүү, мисалы уранды кайсы жактан алып жаткандыгы тууралуу суроолорду берүү зарылчылыгы жок деген тыянакка келген. Себеби эгер андай суроо берилсе баяндамаларда башка да мамлекеттердин аты аталып калмак.
Албетте, 2025-жылдагы Иран менен 1991-1992-жылдардагы ТАРды салыштырып болбойт, бирок мындай маселелер ар бир учурдун шартына жараша чечилиши керек. Иран кандай болсо, ошондой өлкө, андыктан ага карата мамиле да анын саясатын, бийлиги көрүп жаткан аракеттердин негизинде калыптанышы зарыл. Бул жерде МАГАТЭге кандайдыр бир сын айтуу мүмкүн эмес.
"Иран бир аз жыл артка кетти"
– МАГАТЭнин жетекчиси Рафаэл Гросси Израилдин соккуларынан кайсы жерде кайсы объектилер жабыркаганын маалымдады. Мына ошол маалыматтын негизинде сиз Ирандын өзөктүк программасына келтирилген зыянды канчалык деп мүнөздөйт элеңиз?
– Уранды байытуучу жер үстүндөгү заводдор тууралуу айта турган болсок, спутниктен тартылган сүрөттөрдө көрүнгөндөй, Нетенздеги завод чын эле зыянга учурады. Подстанциялары, ишкананы электр менен камсыздап турган резервдик станциялары жок кылынды. Нетензде жер астындагы да цехтер бар, алар соккуга кабылган эмес сыяктанат.
Ал эми жер астындагы бөлүгү тууралуу айта турган болсок, эгер негизги да, кошумча да электр жабдуусу үзгүлтүккө учурап, центрифугалар да токтосо, демек, алар “өлдү” деген ыктымалдык бар. Анткени аларды токтоткон болбойт. Балким, бул жер алдындагы объектти жасагандар электрди башкача ала турган кошумча ыкма деле жасап койгон болушу да мүмкүн.
Нетенздеги завод Израилдин соккусунан кийин. 2025-жылдын 14-июну.
Бул соккудан радиоактивдүүлүк жайылат деп эч ким ойлобойт, анткени ал жерде анчалык радиоактивдүү эмес уран бар. Гросси туура белгилеп өткөндөй, негизги коркунуч – химиялык булгануу. Урандын гексафториди жана башка химиялык кошулмалар абдан күчтүү уу жана химиялык жактан өтө агрессивдүү. Бирок атайын даярдыктан өткөн адамдар эгер урандыларды тазалай баштаса бул проблеманы четтетип, өзүлөрүн да коргоп иштей алышат.
Уран байытуучу дагы бир маанилүү ишкана – Фордо заводун айта турган болсок, ал жер астында өтө терең, жүздөгөн метр ылдый жакта жайгашкан. Азырынча Израил аны бутага алууга аракет да кыла элек.
МАГАТЭнин билдирүүсүндө сөз болгон дагы бир ишкана Исфаханда жайгашкан. Ал жерде курулуп бүтө элек конверсия заводу талкаланды. Фтор кошулмаларынан конверсия болгон металл реактордун отун элементтерин өңдүрүүдөгү маанилүү бөлүкчө болуп эсептелет.
Иран. Кум аймагындагы ишкана. 2019-жыл.
– Жыл же ай менен эсептегенде Иран өзүнүн ядролук иштеп чыгууларында азыркы соккулардын айынан канчалык артка кетти?
– Бул Ирандын ошонун баарын кайра калыбына келтирүү ниети канчалык бекем болоруна жараша.
Эгер ошончолук чечкиндүү болсо, анда бир аз жыл. Менин билишимче, центрифугалардын өзүн жасоону да Иран кайсы бир убакта жер астында жүргүзүп келген. Эгер Израилдин соккулары улана бере турган болсо процесс оорлойт, бирок эгер аябай күчтүү каалоосу болсо Иран ядролук программасын калыбына келтире алат. Башка маселе – зарылбы? Иран ошону максатка ылайык деп эсептейби? Ал программасын кайрадан калыбына келтирүүнү каалабашы деле мүмкүн деген ойдомун.
"Орусия нейтралдуу боло албайт, бирок ишенимдүү өнөктөш боло алмак"
– Орусия АКШга Иран менен сүйлөшүүлөргө ортомчулугун, анын байытылган уранын өзүндө сактоону бир нече жолу сунуш кылган. Европа Биримдиги Орусия Украинага каршы согушунда Иран менен тыгыз кызматташып жатканы үчүн бул маселеде бейтарап медиатор боло албай турганын айтып чыккан. Бул тууралуу канай ойдосуз? Орусия Иранга өзөктүк курал иштеп чыгууга жашыруун жардам бере алабы?
– Биринчиден, мен Евробиримдиктин пикирине макул эмесмин. Ооба, Орусия бир нече себептен улам нейтралдуу катышуучу боло албайт, бирок байытылган уранды ал жакка жайгаштырууда өзүнүн жеке тажрыйбасын жана компетенциясын эске алганда, ишенимдүү өнөктөш боло алмак.
Ал эми Иранга өзөктүк курал жасоо жагынан жардам берүү боюнча айта турган болсок, Орусия мындай көмөк көрсөткүсү келеринен олуттуу күмөн саноом бар. Орусиянын атомдук тармагындагылар мындай технологиялар өзгөчө мамилени талап кыларын түшүнүп турушат.
"Өзөктүк курал – пайдасыз эле нерсе"
– Азыркы доордо мамлекеттер үчүн өзөктүк куралга ээ болуу канчалык зарыл? Эгер Иранда чынында эле ошондой ниет болсо анын максаты эмнеде эле? Режимди кулатпай кармап, коргонуп туруш үчүнбү? Израилге чабуул коюш үчүнбү? Ядролук курал айрым диктатор режимдерде ансыз деле бар, мисалы, Түндүк Кореяда жана Израилге дос деп атоого мүмкүн болбогон Пакистанда.
Пакистандын Shaheen-III ракетасы. 2022-жыл.
– Өзөктүк курал негизи эле пайдасыз, керек болсо ага ээ болгон өлкөнүн өзүнө зыян нерсе дегенге кошулам. Эгер Иран 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында өзүнүн аскердик өзөктүк программасын түзүүгө аракет кылбаса азыр ал саясий да, экономикалык да жактан кыйла жакшы абалда турмак. Бул программасы Жакынкы Чыгыштын өзүндө да, андан тышкары аймакта да көптөгөн өлкөлөрдү Иранга каршы кылып койду.
Ирандын Израил мамлекетин жок кылуу тууралуу билдирүүсү да Тегеранга каршы азыркыдай оппозиция калыптанып калышына түрткү болду. Ал эми өзөктүк курал менен коркутуу деген эмне экенин Украинанын мисалында көрбөдүкпү. Мындай билдирүү дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдүн айыптоосун жаратты.
Тегеран өзөктүк курал жасап, колдоно алган күндө деле жетише турганы эмне? Болгону–көп сандагы адамдын өлүмү.
Менимче, дүйнөлүк коомчулук кайсы гана мамлекетке болбосун, он миңдеген адамды өлтүрүү аны кылмышкер кыларын, жалпы блокадада жана айыптоо алдында калтырарын түшүндүрө, бир муштум боло ала тургандай кудурети азыр бар. Ошондуктан ушундай ишеним бекем болушу үчүн бардык өлкөлөр, анын ичинде Орусия жана Кытай менен иштешүү зарыл.
– Бирок буга башка жагынан да карап көрсө болот: Израилде расмий тастыкталбаса да ядролук курал бар, ал өзү дайым кол салууга кабылып турат, бирок Израилде "Келгиле, Иранга, Ливанга же Йеменге ядролук бомба менен сокку уралы" деп айтуу эч кимдин оюна да келбейт.
– Ооба, Израилдин жасап жатканына ким эмне деген күндө да азыр анын кандайдыр бир айыптоолору дүйнө коомчулугунда чектелүү болуп турат. Бирок эгер ал жакта кимдир бирөө жооп иретинде ядролук куралды колдонгусу келип кетсе, анда ал толук, жада калса азыркы союздаштарынын да изоляциясында калары анык.
– Иран парламенти Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап жатканы тууралуу кабарлар чыккан эле. Бирок кийин аны өлкө жетекчилиги четке какты. Эгер чын эле ошондой болсо, кесепети канчалык?
– Иран бул келишимге кошулганда эч кандай өзөктүк курал жасоо ою жок болчу. Бир убакта, Ирак менен согушка жооп катары мына ошол багытта ойлонуп, программасын баштаган. Бирок ал учурда келишимдин мүчөсү болуп калган. Балким, мүчө бойдон кала берип, кайсы бир изилдөөлөрдү жүргүзө берсе болот деп ойлогондур. Акыры баары ачыкка чыкты да.
Тегеран. Израилдин Иранга каршы соккулары 13-июнда башталган.
Ирандын өзүнүн ичинде келишимден чыгуу чакырыктары эмне үчүн айтылып жатканын түшүнсө болот. Бирок мүчө болуп турган чакта ал чектен чыкпастан ишмердүүлүк жүргүзсө болорун бүткүл дүйнөгө далилдей алат. Ал эми эгер келишимден чыга турган болсо, андай мүмкүнчүлүктөн ажырайт. Ошондо Иран эч кандай бомба жасабаса деле өзөктүк курал жасоо тууралуу айыптоолорго каршы тура албай калат. Келишим биринчи кезекте Ирандын өзүн коргойт дегенди өлкө ичиндегилер түшүнөт деп үмүттөнгүм келет.
– Иран чынында эле ядролук курал жасоого жетишип калган деп элестетсек, Израилдин азыркыдай аскердик операциясынан башка дагы кандай чара болмок?
– Кайсы өлкө болбосун, анын өзөктүк куралга жетишүүсүн мүмкүн эмес кылгыдай структураларды жана механизмдерди түзүү зарыл. Муну ар кандай жол менен жасаса болот. Ошол эле 2015-жылдагы келишим мына ушул багыттагы, Иранды бекемирээк көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берүүчү кадам болгон. Жок дегенде ошол механизм иштеп турса Ирандын кайсы жол менен баратканын эрте эле билип алууга мүмкүн болмок.
Иран өзөктүк куралга андан көрө ээ болбогонум эле оң деп кала тургандай шарт түзүү зарыл. Согуш абдан примитивдүү нерсе – адамдарды өлтүрөсүң, талкалайсың... Ал эми тынчтыкты түзүү, аны акыл калчап, кайсы бир чекте кармап туруу – мунун баары өтө татаал процесс. Татаал нерселерге караганда жөнөкөйү, тилекке каршы, көбүрөөк азгырат эмеспи.