Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандын үч өзөктүк объектисине жасаган аба чабуулун "катуу айыптады". Бул тууралуу мекеме 22-июнь күнү кечинде жарыялаган расмий билдирүүсүндө айтылат.
"Чыр-чатактын күчөшү узак мөөнөттүү согушка алып келиши мүмкүн. Анын чөлкөм жана дүйнө үчүн кооптуу кесепеттери болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмун, Эл аралык атомдук энергия агенттигин (МАГАТЭ) жана башка эл аралык уюмдарды тез арада чара көрүүгө чакырып, "экологиялык кырсыктарды алдын алуу, эл аралык укуктун бузулушуна жол бербөө жана чөлкөмдө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо" зарылдыгын белгиледи.
Коңшу өлкө Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, бардык тынчтык аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.
21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урган. Иран бийлиги АКШнын мындай “негизсиз жана алдын ала пландалган агрессиялык аракеттерин” катуу айыптарын билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырган.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп баалаган. (AiA)