Израил Ирандагы аскердик объекттерге сокку урду

Тегерандын чабуулдан кийинки көрүнүшү. 23-июнь, 2025-жыл.

23-июнда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандагы аскердик объекттерге абадан сокку жасаганын билдирди. Израил армиясынын маалыматында, алты аэроабазага, курал-жарак кампаларына жана ракета учуруучу түзүмдөргө чабуул жасалды.

Расмий Тегеран түнкү чабуулдар тууралуу билдирүү тараткан жок. Ирандагы Кызыл жарым ай уюму Тегерандагы кеңсесине жакын имарат соккуга кабылганын билдирди.

Израил басылмалары Тегерандагы белгилүү Эвин түрмөсүнүн дарбазасына "символикалык сокку" урулганын жазышты. Бул абакта саясий туткундар, журналисттер, жарандык активисттер жана чет элдиктер отурат.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Тегеранга жасалган чабуулду тастыктап, анын максаты "режимдин объекттери жана репрессиялык түзүмдөрүн" бутага алуу болгонун айтты.

Ирандын Ислам революциясы сакчылары корпусуна жакын булактар Израил Фордо уран байытуучу заводуна да сокку урганын билдиришти. 22-июнда АКШ да бул ишкананы бутага алганы кабарланган болчу.

23-июнда Иран да Израилге жооп катары сокку жасаганын жарыялады.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объекттерине абадан сокку уруп, президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирди. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч аларын жарыялап, азырынча сүйлөшүүлөрдөн баш тартууда жана Израилге ракеталык сокку жасады.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты. 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага ала баштаган. (AiA)

Дагы караңыз

Путин Орусия Ирандын элине жардам берүүгө аракет кылып жатканын айттыТажикстан АКШнын Иранга жасалган аба соккуларын айыптадыТүркмөнстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу АКШ менен сүйлөштү