Грузияда оппозициячыл "Лело - "Күчтүү Грузия" партиясынын лидерлери Мамука Хазарадзе менен Бадри Жапаридзе соттун өкүмү менен сегиз айга, "Гирчи" партиясынын төрагасы Зураб Жапаридзе жети айга эркинен ажыратылды. Үч саясатчыга эки жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.
Маалыматка караганда, аларга Кылмыш кодексинин 349-беренеси боюнча, башкача айтканда, парламентте "Грузин кыялы" партиясы түзгөн убактылуу иликтөө комиссиясынын жыйынына баруудан баш тартканы үчүн айып тагылды.
Сот өкүмү чыгарылган учурда Зураб Жапаридзе камакта болчу, Бадри Жапаридзе жана анын партиялашы партиянын кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрүп жаткан жеринен камакка алынды.
"Бул иш мага жана Мамукага каршы саясий максатты көздөйт, кысымга алуу аракети. Бийликтин максаты - бизди сындыруу, күрөштөн баш тартууга мажбурлоо. Андай болбойт. Бул комиссия иликтөө органы эмес, бул бир партиялуу жазалоочу машина. Муну бүтүндөй дүйнө билет. Биздин үнүбүздү өчүрүү мүмкүн эмес. Биз мекенибиздин келечегине кыянаттык кылбайбыз", - деп билдирди Бадри Жапаридзе камакка алынаар алдында.
5-февралда "Грузин кыялы" партиясы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы бийликте турган мезгилин изилдөө үчүн тергөө комиссиясын түзгөн.
Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турат. (AiA)