Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Киевге болгон чабуулдан кеминде жети адам каза болду


Киевге болгон чабуулдун кесепети.
Киевге болгон чабуулдун кесепети.

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын Киев шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен кеминде жети адам каза болуп, 25и жараат алды. Бул тууралуу шаар бийлиги жана Украинанын Башкы прокуратурасынын кеңсеси билдирди.

Чабуулдун кесепетинен Шевченко районунда жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн бир подъезди кыйрап калды. Жанындагы үйдүн терезелери сынып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар күйүп кетти.

Мындан тышкары, Святошин, Соломен, Голосеев жана Дарница райондорундагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр, кеңсе имараттары, коомдук тамактануучу жайлар жана автоунаалар жабыркады.

Киев облусунда чабуулдун кесепетинен жайкын тургун каза болуп, дагы сегиз адам жараат алганын Украинадагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат маалымдады.

Борисполь районундагы чабуулдан эки жеке турак үйдө өрт чыккан. Белоцерковь районунда жеке жана көп кабаттуу үйлөр жана Буча районунда төрт жеке үй, үч унаа жабыркаган.

Херсон облусунда да жайкын тургун каза болгону кабарланды.

22-июнда түнкүсүн Орусияга Украинага 350дөн ашуун дрон, 11 "Искандер" баллистикалык ракетасын жана беш "Искандер-К" канаттуу ракетасын учурган.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 146 дронду атып түшүргөнүн кабарлады.

Киевде өткөн апта Орусия жасаган соккудан каза тапкандар 28 кишиге жетип, жарадарлар 150дөн ашкан. 17-июнга караган түнү коюлган чабуулдан турак жайдын бир подъезди урап калган.

Орусия басып киргенден бери Украинада, БУУнун маалыматына караганда, 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG