Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Иран-Израил жаңжалын токтотуу сүйлөшүүлөрүнүн жагдайлары кабарланды


Иран жана Израилдин жетекчилери тартылган иллюстрациялык сүрөт
Иран жана Израилдин жетекчилери тартылган иллюстрациялык сүрөт

АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган Иран-Израил тынчтыкка келгени тууралуу билдирүүлөрүнүн жагдайлары белгилүү болууда. Израил 24-июндун таңында ок атууну токтотуу жараяны ишке кирерге бир нече мүнөт калганда Иран ракетадан аткылаганын жарыялады.

Израилдин расмийлеринин маалыматы боюнча, Беэр-Шева шаарындагы көп кабаттуу үйгө ракета тийип, кеминде үч адам каза болгон.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи чабуулдарга тыныгуу жарыяланганын айтканы менен бүгүн таңдагы билдирүүсү бир катар суроолорду жаратты.

“Азыркы тапта ок атуу же операцияларды токтотуу маселеси боюнча эч кандай келишим жок", - деп жазды Telegram-каналына.

Иран министри “бүгүн 4кө чейин эгер Израил Иранга каршы “мыйзамсыз агрессиясын” токтотсо, биз да чабуулдарга жооп бербегенге даярбыз” деп кошумчалады.

Ал эми Израил ок атууну токтотуу боюнча жарыяларга комментарий бере элек. Ошол эле маалда Иран АКШ талап кылган уранды байытууну токтотуу шартына көнөбү деген суроого азырынча жооп жок.

Ал тапта Reuters агенттиги сүйлөшүүлөрдөн кабардар болгон чиновникке таянып, АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Катардын өкмөт башчысы шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани ортомчу болгонун жазып чыкты. Ал АКШнын ок атууну боюнча токтотуу боюнча шартын Иран бийликтерине жеткирип, макулдугун алган.

Ага чейин Катардын эмири Трамп менен сүйлөшкөндө АКШ президенти Израилдин тынчтык келишине көнгөнүн айтып, расмий Тегеренды макул кылуу үчүн шейхтен көмөк сураган.

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн түнү Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазган. Анда президент “12 күндүк согушту” токтотчу келишим жакынкы “алты саат ичинде” башталып, ал алгач 12 саатка созулат жана андан кийин согуш аякташы керек” деп билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG